• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн да коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Акыркы бир күн ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 63 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 53 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 881ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 922 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий