• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн дагы 119 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 43 миң 245 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 25-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 119 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинне 48 адам коронавирус жуктурса, 71 - пневмонияга кабылган. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 245 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 15
  • Ош – 8
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу – 15
  • Талас облусу – 4
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 39
  • Баткен облусу – 19

Пикир

Оставить комментарий