• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн дагы 182 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 42 миң 507 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 20-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 182 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 507 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 23
  • Ош – 7
  • Чүй облусу – 23
  • Ош облусу - 20
  • Талас облусу – 9
  • Нарын облусу – 6
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу – 44
  • Баткен облусу - 37

Пикир

Оставить комментарий