• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн дагы 196 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 42 миң 703 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 21-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 196 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 83 адамда коронавирус аныкталса, 113 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 703 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 35
  • Ош – 9
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу - 34
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 49
  • Баткен облусу - 18

Пикир

Оставить комментарий