• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн дагы 412 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 37 миң 541 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 412 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 37 миң 541 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 114
  • Ош – 43
  • Чүй облусу – 37
  • Ош облусу - 39
  • Талас облусу – 17
  • Нарын облусу – 21
  • Ысык-Көл облусу – 41
  • Жалал-Абад облусу – 70
  • Баткен облусу - 30

Пикир

Оставить комментарий