• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн дагы 420 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 36 миң 719 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-август саат 12:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 420 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 36 миң 719 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 112
  • Ош шаары – 19
  • Чүй облусу – 13
  • Ош облусу - 55
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу – 15
  • Ысык-Көл облусу – 98
  • Жалал-Абад облусу – 79
  • Баткен облусу – 21

Пикир

Оставить комментарий