• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн дагы 506 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 6767

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 3-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 506 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 6 миң 767 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар;

- Бишкек шаарында – 230
- Чүй облусунда - 151
- Ош шаарында - 36
- Ош облусунда - 14
- Нарын облусунда - 9
- Жалал-Абад облусунда - 21
- Талас облусунда - 1
- Баткен облусунда - 19
- Ысык-Көл облусунда - 25.

"Жаңы катталган 506 учурдун ичинен бир учур сырттан келген (1,3 %), ал эми 505 адам тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор (98,7 %)", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий