• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн дагы 55 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 44 миң 458 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 7-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 55 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 19 адамда коронавирус аныкталса, 36 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 458 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 12
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 2
  • Ош облусу - 5
  • Талас облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 11
  • Баткен облусу - 13

Пикир

Оставить комментарий