• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн дагы 78 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 44 миң 36 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 12 адамда коронавирус аныкталса, 66 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 36 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 23
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 10
  • Ош облусу - 3
  • Нарын облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 13
  • Баткен облусу - 12

Пикир

Оставить комментарий