• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн дагы 88 адамдан COVID-19 табылып, 68и айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 55, Чүй облусунда – 24, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 27 жана Нарын облусунда – 2, Ош облусунда - 1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон жарандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 528 бейтап, амбулатордук түрдө 437 адам дарыланууда.

Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 233 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 537 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий