• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн дагы 91 адамдан COVID-19 аныкталды. Жалпы 45 миң 335 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 19.09.20./Кабар/. Кыргызстанда 19-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 91 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 355 адамга жетти. Ал эми акыркы сутка ичинде илдеттен кайтыш болгон учурлар катталган жок.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 9
  • Чүй облусу – 6
  • Ош облусу - 17
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 12
  • Баткен облусу - 30

Пикир

Оставить комментарий