• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн дагы Бишкекке 17 жабырлануучунун алып келинүүсү күтүлүүдө — Солтонбекова

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн дагы Бишкекке Баткенден 17 жабырлануучунун алып келинүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын алган жарааттары ар түрдүү.

“Ок тийгенден, жарылуучу заттын майда калдыктарынан баш сөөктүн жаракаты, баш мээнин чайкалуусу жана сыныктар катталууда. Бардык жабырлануучуларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле түндө 25 жаран Баткенден атайын борт менен Бишкекке алынып келинди. Бүгүн дагы 17 жабырлануучуну борбор калаадагы саламаттык сактоо уюмдарына которууну күтүп жатабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий