• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн дизайн жана анимация сырлары боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Онлайн университетинин дизайн жана анимация лабораториясы бүгүн, 6-июль күнү саат 15:00дө “Анимация. Технологиялык санат” деген темада вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда графикалык анимациядагы технологиялар, тренддер жана бул индустриянын азыркы кездеги өнүгүү процесси жана Кыргызстандагы анимация тууралуу маалыматтар берилет.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн ага окутуучусу Каныбек Өмүрбеков.

Белгилей кетсек, Каныбек Өмүрбеков бир катар жылдар бою жаш кыргыз аниматорлорун даярдап келген өлкөдөгү бирден бир адистердин бири.

Эске салсак, “Үйрөнүүнү үйрөн” урааны алдында иш алып барган Онлайн университети мектеп мугалимдерине, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган вебинарларды, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөлөрүн жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

Вебинардын шилтемеси:

Конференциянын идентификатору: 938 4353 0374

Пароль: 348142

Пикир

Оставить комментарий