• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүн эки адам поезд алдында калып, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.12.17./Кабар/. Бүгүн темир жолдо эки кырсык катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Бишкек I” жана“Бишкек II” темир жолунун 3777-чакырымында 30-35 жаштагы адам жүрүп келе жаткан поездин алдына боюн таштаган.

“ Азиат улутундагы адам окуя болгон жерден каза болгон. Өтө жакын аралыктан улам тепловозду токтотууга мүмкүн болгон эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми экинчи кырсык, “Токмок” темир жол бекетинин 5-бекеттик темир жолунда катталган.

“19-20 жаштагы кызды жүрүп бара жаткан маневрдук курам тебелеп кеткен. Натыйжада бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген”,-деп билдиришти ишкананын басма сөз кызматынан.

Учурда катталган эки жагдай боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эсиңиздерде болсун! Поезд унааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созулат. Темир жолу - бул өтө кооптуу аймак. Ошондуктан темир жолдо ар бир жаран сак болуусу зарыл. Адамдардын жана автоунаалардын өз алдынча темир жолго чыгып алуусуна “Кыргыз темир жолу” жоопкерчиликти албайт.

Пикир

Оставить комментарий