• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Elite House компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы каралат

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

“Кылмыш иши боюнча материалдар сотко келип түштү. Бүгүн сотто отурум өтүп, анда Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы тандалат”, - деп айтылат маалыматта.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий