• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн-эртең "Бишкек-Торугарт" жолунун 103-107-чакырымдары жабылат

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 23-24-март күндөрү "Бишкек-Торугарт" жолунун 107, 108, 109-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

"Жардыруу иштери унааларга жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан "Бишкек-Торугарт" жолунун 103-117-чакырымдары эртең мененки саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин унаа жолу толугу менен жабылат", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан белгилешкендей, унаалар айланма жол аркылуу өткөрүлөт.

"Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - деп билдирет ишкана.

Пикир

Оставить комментарий