• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн ФИФА жылдын мыкты футболчусунун ысымын айтат

Спорт 0

Бишкек, 23.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бүгүн Лондондо ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу аныкталат.

Мыкты футболчу наамы үчүн Криштиано Роналдо (“Реал Мадрид”), Лионель Месси ("Барселон") жана Неймар ("Пари Сен-Жермен"), ат салышат,-деп кабарлайт ТАСС.

Андан сырткары, мыкты машыктыруучу лауреаты наамы үчүн машыктыруучулар Массимиллиан Аллегри ("Ювентус”), Антонио Конте ("Челси”) жана Зинедин Зидан ("Реал Мадрид") ат салышат.

Эске сала кетсек, 2008-жылдан бери мыкты футболчу наамын Лионель Месси (Барселон) жана Криштиано Роналдо (Реал) алып келген.

Месси бул наамды беш жолу алса, Криштиано – төрт жолу алган.

Пикир

Оставить комментарий