• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүгүн "Үй-бүлөлүк зомбулук: сен, мен, коом, биз эмне кыла алабыз?" аталышындагы вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда саат 17:00дө Онлайн университети платформасынын балдар жана ата-эне лабораториясы "Зомбулукка жол бербейли!" компаниясынын алкагында кезектеги "Үй-бүлөлүк зомбулук: сен, мен, коом, биз эмне кыла алабыз?" аталышындагы вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинардын спикерлери Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, психолог Айгүл Аликанова, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын ага окутуучусу, илимдин доктору Кадиян Бообекова, Онлайн университеттин демилгечи тобунун мүчөсү, PhD, медиа эксперт Элира Турдубаева.

Онлайн университетинин башкы максаттарынын бири – жарандык билим берүү жана коомдук талкуулар аркылуу үй-бүлө ичиндеги жана жалпы коомдогу зомбулуктун бардык түрүнө каршы туруу жана күрөшүү.

Бул максатта Онлайн университети платформасы балдар жана ата-эне лабораториясын түзгөн. Учурда бул лаборатория үй-бүлө, балдар жана аялдар маселесин колго алып, бир катар вебинарларын, талкууларын уюштуруп келет.

Конференциянын идентификатору: 990 9680 9447

Паролу: 314908

Пикир

Оставить комментарий