• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн "Илимий гипотеза түзүү жана текшерүү" аталышындагы вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Онлайн университеттин илимий изилдөөлөр лабораториясы 23-июнда саат 17:00дө "Илимий гипотеза түзүү жана текшерүү" деген вебинар уюштурат. Бул тууралуу форумдун уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда илимий изилдөөлөрдөгү сандык усулдарды колдонуу жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле спикер гипотезаны практикалык түрдө түзүүнү жана тестирлөөнү үйрөтөт. Тестирлөөнүн үч түрдүү методикасына басым жасалат.

Иш-чаранын спикери анкеталардын даталарын фильтр аркылуу өткөрүүнүн жана Minitab программасын тестирлөөдө колдонуунун жол-жобосун көрсөтмөкчү. Ошондой эле ал вебинарга катышуучулардын анкеталарынын Excel түрүндөгү жыйынтыктарын карап берүүнү сунуштоодо.

Вебинардын спикери Нурдин Капаров PhD илимий даражасын Индия мамлекетинин Османия университетинен жактаган. Индия мамлекетинде тынчтык орнотуу багытында да иш алып барып, Indialogue Foundation уюмунда кызмат өтөгөн.

Конференциянын идентификатору: 92913852476

Паролу: 352587

Пикир

Оставить комментарий