• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда, саат 11:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз ССРнин эл артисти, опера ырчысы Ирина Деркембаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү "Ала- Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 9-октябрында 94 жаш курагында Кыргыз ССРинин эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Деркембаева Ирина Григорьевна 1927-жылы 25-декабрда Россиянын Иркутск облусунун Үңкүрлүк деген жеринде туулган.

Алгачкы ишмердүүлүгүн 1942-жылы Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы музыкалык драма театрынын кордебалетинен баштаган. Улан-Удэ шаарындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, кийин окуусун П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык мектепте уланткан. 1946-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң Москва консерваториясына тапшырып, аны 1952-жылы аяктаган.

1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенип, көптөгөн концерттик иш-чараларга катышып, чет мамлекеттерде өткөн Корея, Индия, Индонезия, Сингапур, Монголия, Польшада, Чыгыш Германия жана Канадада гастролдорук иш-сапарларга чыккан.

1972-жылы театрдагы ишин улантуу менен бирге Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, кийин консерваторияда 30 жыл сабак берген. 1978-жылы доцент деген илимий даражага ээ болгон. Вокалисттердин жана балет бийчилеринин бүткүл союздук конкурсунун эки жолку лауреаты болот. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий