• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн көк бөрү боюнча мелдеште үчүнчү орун үчүн оюндар өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Бүгүн, Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште үчүнчү орун үчүн оюндар өтөт. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясынан билдиришти.

Бүгүн көк бөрүдөгү Жогорку лига жана Биринчи лиганын командаларынын үчүнчү орун үчүн оюндары болуп өтөт.

Жогорку лигада үчүнчү орун үчүн "Бакубат Талас" менен "Көк Жал" командалары таймашат. Алардын оюну саат 15:00дө башталат.

Ал эми Биринчи лигада "Казарман" менен "Соң-Көл" командалары беттешет. Алардын оюну саат 13:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий