• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Күлүйпа Кондучалованын туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 15-июнь туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы бүгүн саат 09:30да “Ала-Арча” көрүстөнүндө болуп өтөт. Ага Күлүйпа Кондучалованын жакындары, ​ жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүлчамбар коюулат.

Эскерте кетсек, быйыл Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий