• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бүгүн күндүз өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, абанын температурасы:

- Чүй облусунда 26…+31;

- Талас облусунда 25…+30;

- Баткен облусунда 30…+35;

- Ош, Жалал-Абадда 30…+35;

- Ысык-Көл облусунда 24…+29;

- Нарын облусунда 23…+28.

"Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, абанын жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий