• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн "Кабар" агенттигинин YouTube каналында якутиялык ооз комузчунун онлайн концерти өтөт

Маданият 0


Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Саха республикасынын (Якутия) белгилүү этно-ырчысы, ооз комузчусу Юлияна Виссарионовна Кривошапкинанын (сахна аты - Дьүрүйээнэ) онлайн концерти "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги жана "Казинформ" агенттигинен көрсөтүлөт.

Концерттин жүрүшүндө Дьүрүйээнэ ооз комузда жагымдуу чыгармаларды аткарат. Онлайн концерт бүгүн, 16-апрелде саат 20:00дө "Кабар" маалымат агенттигинин расмий сайтында жана YouTube каналында көрсөтүлөт.

Юлияна Виссарионовна Кривошапкина - "Дүйнөнүн комуз чебери" наамына татыган. Ал этно-ырчы, музыкант жана Саха республикасынын мамлекеттик эстрада театрынын вокалисти.

Пикир

Оставить комментарий