• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталат

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-декабрында калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Декада ошондой эле жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган. 1948-жылы бул күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Декаданы өткөрүүнүн алкагында бүт өлкө боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору жана адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана иши укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, МКЮЖ КБнын Координациялык кеңешинин, МКЮЖду өнүктүрүү үчүн Улуттук тармактын мүчөлөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалар катышат.

Пикир

Оставить комментарий