• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Кино үйүндө "Эрте келген турналар" тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-май күнү Жеңиш күнүнө карата Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө "Эрте келген турналар" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинотасма бүгүн саат 15:00дө Кино үйүндө көрсөтүлөт. Тасманын режиссеру – Болот Шамшиев.

Белгилей кетсек, Жеңиш күнүнө карата Кино үйүндө 7-8-май күндөрү эки тасма көрсөтүлөт. Эртең, 8-майда саат 15:00дө кино сүйүүчүлөр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" (1967) тасмасын көрө алышат.

Аталган эки тасма Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин негизинде тартылган.

Пикир

Оставить комментарий