• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн колледждерге кабыл алуунун II туру башталды

Билим 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер министрлик тарабынан атайын иштелип чыккан системада катталышат.

Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек.

Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталды.

Документтердин түп нускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий