• 84.8
  • 94.43
  • 1.09

Бүгүн коронавирус жуктурган дагы 689 адам аныкталды. Жалпы 32 миң 813

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 26-июль саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 689 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 32 миң 813 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 190
  • Ош – 74
  • Чүй облусу – 89
  • Ош облусу - 58
  • Талас облусу - 40
  • Нарын облусу – 24
  • Ысык-Көл облусу – 55
  • Жалал-Абад облусу – 129
  • Баткен облусу - 30

Пикир

Оставить комментарий