• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн коронавирустан каза болгон жаран Бишкектеги базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн коронавирустан каза болгон 36 жаштагы жаран Бишкектеги базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан.

"Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан, өзүнө-өзү дарылоо жүргүзгөн. Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулганы менен каза болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий