• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 58 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 101 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 459ду түзөт. Алардын ичинен 37 миң 492 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий