• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн кыргыз футболчулары Сингапурдун курамасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 11.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш 11-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 19:00дө Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда башталат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасына каршы 16-ноябрда дагы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий