• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүн кыргыз-казак акындарынын айтышы башталат

Маданият 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак акындарынын айтышы башталат. Айтыш 30-31-август күндөрү болуп өтөт.

Акындардын таймашы төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Айтыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Кыргызстан менен Казакстандын акындарынын айтышына 16 төкмө катышат.

Кыргызстан:

- Жеңишбек Жумакадыр;

- Азамат Болгонбаев;

- Асылбек Маратов;

- Амантай Кутманалиев;

- Жылдызбек Төрөканов;

- Баян Акматов;

- Эламан Келдибеков;

- Шайлообек Отунчиев.

Казакстан:

- Айнур Турсунбаева;

- Алтынбек Ибрагимов;

- Балгынбек Имаш;

- Биржан Байту;

- Жандарбек Булгаков;

- Мухтар Ниязов;

- Сырым Ауезхан;

- Нурлан Эсенкулов.

Пикир

Оставить комментарий