• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн кыргыз хоккейчилери Исландиянын командасы менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун экинчи баскычында Исландиянын командасы менен беттешет.

Мелдеш 12-15-декабрда Румыниянын Брашов шаарында өтөт.

Оюндун экинчи баскычында 12 команда күч сынашат. Алар "K", "L", "M" деп үч тайпага бөлүштүрүлгөн. Улуттук курама "K" тайпасына туш келип, Румыния, Исландия жана Израилдин командалары менен оюн өткөрөт.

Улуттук кураманын катарына Эрназар Исматов, Олег Колодин, Антон Кудашов, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Владимир Ничипуренко, Ажымухамед Улугбек уулу, Жанболот Тагаев, Артур Аяпов, Кадыр Алымбеков, Михаил Чувалов, Артем Горобец, Владимир Носов, Александр Титов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев, Александр Петров, Андрей Тришкин, Эрсултан Мирбеков, Владимир Тонких кирет.

Оюндардын жүгүртмөсү:

12-декабрь – Кыргызстан - Исландия;

13-декабрь – Румыния - Кыргызстан;

15-декабрь – Израиль - Кыргызстан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан ноябрь айында Люксембург өлкөсүндө өткөн тандоо турунун биринчи баскычынын жеңүүчүсү аталган.

Пикир

Оставить комментарий