• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болот

Президент 0

Бишкек, 13.08.18 /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.

Биринчи маселе боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын доклады угулат. Экинчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берет.

Улуттук кеңештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кеңири курамда катышат.

Пикир

Оставить комментарий