• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн кыргыз тилинин орфоэпиялык эрежелерин талкуулоо боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Онлайн университеттин илимий-изилдөөлөр лабораториясы бүгүн, 17-июнда саат 17:00дө интеллектуалдык-баттл сериясынын алгачкы чыгарылышын тартуулайт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, интеллектуалдык-баттл "Талашка түшкөн орфоэпиялык эрежелер" темасына арналып, кыргыз тилинин орфоэпиялык эрежелери талкууланат.

Интеллектуалдык-баттлдын катышуучулары: белгилүү тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Сыртбай Мусаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү манасчы, филолог Рысбай Исаков, филология илимдеринин кандидаты, MEDIA КАРЬЕРА мектебинин негиздөөчү, белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиева катышат.

Эске салсак, Онлайн университеттин онлайн окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.

Интеллектуалдык-баттлдын шилтемеси:

Идентификатор: 956 0166 6790

Пароль: 181929

Пикир

Оставить комментарий