• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен БАЭнин футболчулары беттешет

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Азия Кубогунун алкагында бүгүн, 21-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөрөт.

Оюн саат 23:00дө башталып, аны КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Беттеш Шейх Зайед стадионунда өтөт. Анда кытайлык арбитрлер калыстык кылышат.

Белгилей кетсек, Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда мелдештин 1/8 бөлүгүнүн оюндары кечээ, 20-январда башталган. Ага жалпы 16 команда чыккан.

Тайпалык баскычтан чыккан ак шумкарларга каршылаш катары Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы туура келген.

Кыргызстан тайпалык оюндарда 3 беттеш өткөргөн. Алгачкы эки оюнунда Кыргызстан утулуп калган. Бирок Филиппин менен болгон үчүнчү оюнунда каршылаштарын 3:1 эсебинде жеңип, анын аркасы менен мелдештин 1/8 бөлүгүнө өтө алышты.

Ал оюнда Кыргызстандын курамасынын чабуулчусу Виталий Люкс жеңиш алып келген 3 гол киргизип, хет-трик жасаган. Ал азырынча бул мелдештеги бомбардирлердин арасында үчүнчү орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий