• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Кыргызстанда 318 адам коронавирустан сакайып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 318 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 60 адам, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 71, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда 28 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34 миң 885ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий