• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды

COVID - 19 0


Бишкек, 26.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 26-апрелде “Вакциналар бизди жакындатат” урааны астында европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймактарында 65 мобилдик топ акысыз жана жарандардын өз эрки менен эмдөө жүргүзөт.

“Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 2021-жылдагы европалык эмдөө жумалыгын 16 жылдан бери өткөрүп келет. Вакцинанын жардамы менен жугуштуу кептөөр, селейме, жаңы төрөлгөн ымыркайларда кургак учук, менингит, вирустук гепатит "В" 5 жашка чейин балдарда катталган эмес. Ошондой эле 1993-жылдан бери полиомиелиттин бир дагы учуру катталган жок”, - дейт ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова 26-апрелден 2-майга чейин Европа аймагында 16-европалык эмдөө жумалыгы өтөрүн айтат.

“COVID-19 пандемиясы эмдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөттү жана биз колубуздагы вакциналардын потенциалын толук колдонушубуз керек. COVID-19дан улам пландуу эмдөөлөрдүн кыскарышы, пандемия аяктагандан кийин сезиле турган кесепеттерге алып келет”, - деди Артыкова.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жөльмдүн пикиринде, ЮНИСЕФ дүйнөдөгү беш жашка чейинки балдардын болжол менен 45 пайызына жетүү үчүн жыл сайын эки миллиард дозадан ашык вакцина жеткирип турат.

“2019-жылы бул 1,656 млрд долларлык инвестиция бүткүл дүйнө жүзү боюнча пландуу эмдөө программаларын, алдын алуу кампанияларын жана эпидемияга каршы чараларды колдоого жумшалды. 2019-жылдан тарта ЮНИСЕФ 100гө жакын мамлекеттин атынан 25 ар кандай вакциналарды сатып алууда. Учурдан пайдаланып өз өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган бардык ооруларга каршы күрөштүн алдыңкы сабында турган Кыргызстандын бардык медицина кызматкерлерин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз. COVID-19 пандемиясы биздин бардыгыбыз үчүн медицина кызматкерлеринин чечүүчү ролду ырастады”, - дейт Кристин Жөльм.

Пикир

Оставить комментарий