• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Кыргызстанда күн ысыйт. Абанын табы +39 градуска чейин жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Кыргызстанда ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 37…39 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий