• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн Кыргызстанда китепкана күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Китепкана күнү” белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында министр Кайрат Иманалиев бир катар китепкана кызматкерлерине сыйлыктарды жана белектерди тапшырат. Иш-чарага республикалык, шаардык, райондук китепкана жетекчилери жана кызматкерлери катышат.

Кыргызстанда китепкана күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү максатында "Китепкана күнү" токтом кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий