• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Кыргызстан Мамлекеттик туу күнүн белгилөөдө. Бул күндү утурлай "Ала-Тоо" аянтында мэриянын жетекчисинин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Кыргызстандын Мамлекеттик туусуна 28 жыл болду.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов "Ала-Тоо" аянтында шаар тургундарын куттуктап, өлкөдө тынчтык, биримдик жана өнүгүүнү каалап кетти.

"Дал ушул күнү алгачкы жолу мамлекеттик туубуз асманга көтөрүлгөн. Туу – биздин улуттук сыймыгыбыз жана ар бир атуулдун жүрөгүндөгү патриоттук, жоопкерчилик, биримдик, мекенге сүйүү сыяктуу сезимдерди ойготот. Мамлекеттик туу элди өлкөнүн ар-намысын сактоого жана коргоого дем, күч берет", - дейт Суракматов.

Пикир

Оставить комментарий