• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Коом 0

Бишкек 13.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар калың түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында күндүз -3…2 градус, Ысык-Көл облусунда күндүз -2…3 градус болот.

Нарын облусунда болсо күндүз -5…-10 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы -3…2, күндүз 0…5 градус.

Бүгүн, 13-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы күндүз 0...2 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий