• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлдан тарта Кыргызстанда орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыркы учурда 153 колледж иш алып барат, алардын ичинен 48 - мамлекеттик. Кадрларды даярдоо 130 адистик боюнча жүргүзүлөт. Азыркы учурда республиканын колледждеринде 96 миң адам окуйт, 7300 окутуучу жана мастерлер эмгектенет.

2021-2022-окуу жылына 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Бул окуу жылында күндүзгү/сырттан окуу бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерин тариздөө интернет тармагы аркылуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ Автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен жүргүзүлөт.

Бул үчүн абитуриенттер мектептке же колледжге барып катталып https/2020.edu.gov.kg/spuz сайтына кирүү үчүн логин жана паролду алышы зарыл. Андан кийин логин жана пароль менен колледжди, адистикти тандашат.

Коождорго абитуриенттерди кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. Ар бир турда абитуриент бюджеттик орунга конкурска катышуу үчүн бир өтүнмө берүүгө жана контракттык негизде окуу үчүн конкурска катышууга бир өтүнмө берүүгө укуктуу.

Абитуриенттерди бюджеттик да, ошондой эле контракттык негизде да окууга кабыл алуу үчүн конкурс орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) орточо баасынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн бир профилдик предметтин орточо баасы боюнча, ошондой эле онлайн тестирлөө өткөрүлгөн учурда анын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде бир орунга аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, окождун кабыл алуу комиссиясы алар үчүн аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде кошумча кирүү сынактарын өткөрүүгө укуктуу.

Медициналык адистиктер боюнча конкурс окож тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдардын суммасы жана билими жөнүндө документтин жана профилдик предметтердин орточо баалары боюнча жүргүзүлөт.

Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча зарыл болгон санитардык-гигиеналык ченемдерди милдеттүү сактоо менен салттуу режимде кирүү (чыгармачылык) сынактары өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий