• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Кыргызстандын Өрткө каршы кызматынын түзүлгөн күнү

Коом 0


Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн 15-июнь Кыргызстандын Өрткө каршы кызматтын түзүлгөн күнү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындан 94 жыл мурда, 1926-жылдын 15-июнунда Фрунзе шаарынын Кошчу көчөсүндө (азыркы Абдымомунов атындагы көчө) алгачкы өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлгөн. Ал топ 9 кишиден туруп, алардын кызматында 4 ат араба болгон. Өрт өчүрүүдө сууну кол менен иштетүүчү насостун жардамы менен чачышкан.

Өкмөттүн 1994-жылдын 28-октябрындагы №795 токтому менен 15-июнь жыл сайын Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин күнү болуп белгиленип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий