• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бүгүн Кытайда "Бир алкак – бир жол" форуму башталат

Коом 0

Пекин, 26.04.19./Кабар/. Кытайдын Пекин шаарында бүгүн "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форуму башталат, анын ишине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышат.

Мамлекет башчысы кечээ кечинде жумушчу визит менен Кытай Республикасынын Пекин шаарына келген. Форумдун талаасында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Форумка катышуу үчүн КЭРга 37 мамлекеттин башчылары жана өкүлдөрү чогулушту.

Эске сала кетсек, биринчи форум 2017-жылы Пекинде өткөн. Ага 29 мамлекеттин башчылары жана өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий