• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Кытайдагы турнирде КР курамасы (U-17) Япония менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы (U-17) CFA International Youth Tournament эл аралык турниринин алкагында Япониянын курамасы менен беттешет. Мелдеш ушул тапта Кытайдын Цзянинь шаарында өтүп жатат.

Биринчи оюнда КР курамасы Кытайдын футболчулары менен беттешип, 0:1 эсебинде утулуп калышкан.

Эске салсак, Кыргызстандын 17-жашка чейинки өспүрүмдөр командасы CFA International Youth Football Tournament 2018 турнирине катышууда.

Турнир Кытайдын Цзянинь шаарында 16-20-май күндөрү өтөт. Ошондой эле турнирге Иран, Япония жана Кытайдын өспүрүмдөр курамалары катышууда.

Беттештердин бардыгы Jiangyin Sports Centre оюн талаасында өтөт.

КРнын курамасынын оюнунун жүгүртмөсү;

16-май (шаршемби)

Япония (U-17) – Иран (U-17)

Кытай (U-17) – Кыргызстан (U-17)

18-май (жума)

Иран (U-17) – Кытай (U-17)

Кыргызстан (U-17) – Япония (U-17)

20-май (жекшемби)

Иран (U-17) – Кыргызстан (U-17)

Кытай (U-17) – Япония (U-17).

Пикир

Оставить комментарий