• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Республиканын аймагында бүгүн, 2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21, Талас облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз +14…+19 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +2…+7, күндүз 17…22 градуска чейин ысыйт.

Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +19...+21 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий