• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн өлкөдө коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Бүгүн өлкөдө коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 58 адам каза болду. Алардын ичинен 264 адам коронавирустан, 794 киши пневмониядан каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 125 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 712ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 973 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий