• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн өлкөнүн айрым райондорундо кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. 18-декабрда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий