• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 16.12.19./Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Абанын температурасы күндүз Чүй, Талас облустарында -3…+2 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда болсо күндүз -2…+3 градус, Нарында күндүз -3…-8 суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 1…6 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын күндүзгү температурасы 0…+2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий